Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулуна, аны менен кошо кармалган Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадиловго Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна же трансулуттук кылмыш уюмуна катышуу) менен айып тагылды.
Бул тууралуу "Tengrinews" сайты Алматы шаардык сотунун басма сөз кызматына шилтеме берип жазып чыкты. Алматынын Алмалы райондук соту 17-февралда үч кыргызстандыкты эки айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарынын иши боюнча тергөө жүрүп жатканын жана аларга укуктук жардам берилерин билдирди.
Буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы 17-февралда аткезчилик боюнча жалпысынан 35 киши кармалганын, алардын үчөө кыргызстандык экенин маалымдаган. (NT)