Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:28

Стокгольмдо теракт боюнча айыпталган өзбекстандыктын соту уланат


Стокгольмдогу теракт боюнча айыпталып жаткан Рахмат Акилов.

"Швециянын баш калаасы Стокгольмдо былтыр жазында теракт уюштурду" деп айыпталган Өзбекстандын жараны Рахмат Акиловдун соту бүгүн уланат. Териштирүү 13-февралда башталган.

Прокуратура сотко Акиловду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну сунуш кылып жатат. Соттук жыйындардын акыркысы 9-майга белгиленип, чечим жайдын башында чыгарылганы турат.

39 жаштагы өзбекстандык жаран айдаган жүк ташуучу автоунаа былтыр 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борборунун имаратын сүзгөндөн кийин өрттөнүп кеткен. Окуядан төрт адамдын өмүрү кыйылып, он беши жарадар болгон. Кол салууга шектүү болуп эсептелген Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалып, күнөөсүн моюнуна алганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG