Казакстанда кыздарын жоолуксуз мектепке жиберүүдөн баш тарткан 13 ата-энеге 19-февралда айыппул салынды. Бул тууралуу Актөбө облустук билим берүү департаментинин маалыматына таянуу менен "Азаттык" радиосунун казак кызматы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Кобда районунун Алия кыштагында жашаган эки кыздын ата-энеси 12 миң теңге (37 доллар) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Айылдагы мектепте 6-8-класста билим алган эки кыз үчүнчү чейрек башталгандан бери окууга бара элек.
Дин иштери боюнча облустук башкармалык ушу тапта аймакта «милдеттүү мектеп формасынын талаптарын сактабаган» кеминде 103 окуучу кыз сабактарга барбай жатканын билдирди. Бийлик өкүлдөрү алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлашты.
Казакстандын Билим берүү министрлиги 2016-жылы мектептерде "ар кайсы диний конфессиялардын белгилерин камтыган формалар болбошу керек" деген буйрук чыгарган. Былтыр декабрда Астананын соту бул буйрукту жокко чыгарууну талап кылган ондогон ата-эненин доо арызын четке каккан.