Февралдын экинчи жарымында Кыргызстанда сасык тумоологондор мурдагы айга салыштырганда 11 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Учурда республикада эпидемиялык абал туруктуу.
Республиканын бардык саламаттык сактоо мекемелеринде калк арасында курч респиратордук вирустук оорулардын жана сасык тумоонун алдын алуу боюнча иш-чаралар жүрүп жатканы айтылууда.
Бишкектеги “Гиппократ” жана “Кроха” жеке менчик медициналык борборлорунда сасык тумоого каршы эмдөө улантылып жатат. Вакциналардын баасы 500 сомдон 600 сомго чейин. (BCh)