Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Украинада Евромайдан курмандыктарын эскеришүүдө


Украина. Студенттердин Европага ыктаган акцияларынын бири. 26-ноябрь, 2013-жыл.
Украина. Студенттердин Европага ыктаган акцияларынын бири. 26-ноябрь, 2013-жыл.

Украина "Евромайдан" деген ат менен тарыхка кирген кандуу окуялардын 4 жылдыгын белгилеп жатат. 2014-жылы 20-февралда Киевде полиция менен өкмөткө каршы демонстранттар кагылышкан.

Массалык акциялар ага чейин бир жыл мурун ноябрда ошол кездеги орусиячыл президент Виктор Янукович Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койбой, андан көрө Москва менен экономикалык алакаларды өнүктүрүүнү жактаарын билдиргенден кийин башталган. Расмий маалыматтарга ылайык, нааразылык акциялары маалында 104 киши мерт болгон, 2 жарым миңдей киши жарадар болгон.

Бүгүн президент Петро Порошенко Януковичтин мамлекеттик чыккынчылык боюнча ишинде күбө катары сотко катышмакчы. Экс-президент сыртынан соттолууда. Ал арада АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Нойерт "АКШ Оруссиянын агрессиясына туш болуп келаткан Украинага көмөк көрсөтө берээрин" билдирди.

XS
SM
MD
LG