21-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз кар көпчүлүк аймактарда жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6;
Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7;
Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -1...-6;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -7...-12;
Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 2…4°.