Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

Лавров Батыштын Балкандагы саясатын сындады


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШны жана айрым Европа өлкөлөрүн Балканда "Чыгыш менен Батыштын ортосундагы чыңалууга май тамызып жатат" деп айыптады.

Ушул аптада Белгардга аттанып жаткан министр сербиялык "Бета" агенттигине берген интервьюда Батыштагы “Орусияга каршы” өлкөлөр Балкан мамлекеттерин Еврошаркетке жана НАТОго кабыл алууда “Орусияны же Батышты тандоо” шартын коюп жатышканын билдирди. Лавров мындай саясат жаңылыш деген пикирин билдирип, Москва өз кызыкчылыктарын коргоорун, Сербия өңдүү аймактын калган өлкөлөрү менен байланыштарды мындан ары сактааарын айтты.

Жакында биримдик Сербия менен Монтенегрону 2025-жылга чейин блокко кабыл алуу шарттарын жарыялаган. Анда мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, түпкүлүктүү укуктардын сакталышына кепилдик берүү, аймактык талаштарды жөнгө салуу тууралуу айтылганы менен "Орусияга каршы саясат жүргүзгүлө" деген шарт жок. Мисалы, Белград Москва менен жакын мамилелерде болуп келатат жана Орусияга каршы экономикалык санкцияларга кошулбасын айтууда. Былтыр Македония жана Монтенегро НАТОго киришкен. Сербия болсо андай ниетин билдирген эмес.

XS
SM
MD
LG