Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:05

Дамаск: армиянын чабуулунан 100дөй киши каза болду


Дамаск, Сирия.

Сирия өкмөтүнүн армиясы жана өнөктөштөрү 18-19-февраль күндөрү козголоңчулардын колундагы Гута шаарчасына урган соккулардан 98 киши курман болду.

Бул тууралуу кечээ урушка байкоо салган мониторинг тобу билдирди. Маалыматка караганда, өлгөндөрдүн 20дан көбү балдар, дагы 470 киши жарадар болду. Сириянын куралдуу күчтөрү бул маалыматка комментарий бере элек. Дамаск бийлиги согушкерлерди гана бутага алганын айтып келет.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Гутадагы топтор баш калаага ракета атканда бир наристеге ок тийип, дагы сегиз бала жарадар болгонун жазышкан.

БУУнун маалыматына караганда, Дамасктын четинде жайгашкан Гутада 400 миңге жакын киши жашайт. Ал жер 2013-жылы өкмөттүк армиянын камоосунда калган.

БУУнун Сирия жаңжалы боюнча регионалдык координатору Панос Мумтцис 19-февралда салгылашууларда карапайым 40 киши каза тапканын, 150дөн көп киши жарадар болгонун билдирди. "Гутадагы гуманитардык кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратат”, - деди Улуттар Уюмунун өкүлү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG