Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Отунбаева абактагы саясатчы Асанов менен жолугуп чыкты


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева абактагы саясатчы Бектур Асанов менен жолугуп, ал-абалын сурап чыкты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушуу бүгүн болгон.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Асанов цинга оорусуна чалдыкканын жазып чыгышкан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты четке кагууда.

Камакта ачкачылык жарыялаган үч саясатчы суу иче баштаганы да бүгүн кабарланды.

Оппозиционерлер Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Райондук жана шаардык сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга кескен. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып, УКМКнын жетекчиси кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тарта "кургак ачкачылык" баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG