Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Беларуста журналист милицияга баш ийбегени үчүн айыпталды


Андрус Козел.
Андрус Козел.

Беларуста журналист "тартип коргоо органдарына каршылык көргөздү" деп айыпталууда. Андрус Козел иштеген "Белсат" телеканалы журналистти милиция сабаганын маалымдады. "Козел жекшембиде Минскидеги участоктордун биринде жергиликтүү шайлоону чагылдырган. Ошол кезде ага төрт тартип коргоочу кол салган", - деп билдирди "Белсат".

Каналдын өкүлдөрү журналист жана оператор болуп иштеген Андрус башынан жараат алганын билдирди. Бирок 19-февралдагы сотто милиция кызматкерлери ал өзү жыгылып кеткенин айтышкан.

"Белсат" каналы - польшалык "Telewizja Polska" компаниясынын Беларустагы филиалы. Анын берүүлөрү беларус жана орус тилдеринде обого чыгат. Каналдын берүүлөрүн президент Лукашенко баштаган бийлик өкүлдөрү бир нече жолу сындаган. Укук коргоочулар "бийлик эркин маалымат каражаттарын басууга аракеттенүүдө" деп коңгуроо кагып келишет.

XS
SM
MD
LG