Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Казакстандын ички иштер министри: Өрттөнгөн автобус бузук болчу


Актөбөдө өрттөнүп кеткен актобустун калдыгы.
Актөбөдө өрттөнүп кеткен актобустун калдыгы.

Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов "өткөн айда Актөбө облусундагы трассада өрттөнүп кеткен автобус жолго чыгып жатканда эле бузук болчу" деп билдирди.

Өзбекстандык эмгек мигранттарын Орусияга ташып бараткан автобус 18-январда Чымкент-Самара кан жолунда өрттөнгөндө 52 киши өлгөн. Бардыгы өзбек жарандары болчу. Дагы эки жүргүнчү жана Казакстандын жарандары болгон 3 айдоочу аман калган.

Министрдин айтымында, айдоочулар сот жообуна тартылууда. Тергөөчүлөр бузук автобусту жолго чыгаруунун себептерин текшерип чыгышмакчы.

Депутаттардын суроосуна жооп кайтарып жаты, Касымов "өрткө жылыныш үчүн колдонулган паяльник себеп болгон" деп буга чейинки версияны кайталады.

XS
SM
MD
LG