Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

УКМК жалаң кыргызча сүйлөө жөнүндө чакырыкты териштирүүдө


Жеңишбек Жумакадыр.
Жеңишбек Жумакадыр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Интернеттеги социалдык түйүндөрдө кыргыз тилине байланыштуу тарап жаткан чакырыкты иликтей баштады. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Бир нече күндөн бери социалдык түйүндөрдө “орусча сүйлөгөндөргө кыргызча жооп кайтарыш керек”, “сатуучу кыргызча сүйлөбөсө ал жерде соода кылуудан баш тартабыз” деген мазмундагы чакырык жазылган сүрөт тарап жатат.

Бүгүн айрым маалымат каражаттары бул чакырыкты төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр таратып жатканын жана маселени УКМК териштире баштаганын жазып чыгышты.

“Азаттык” радиосу Жеңишбек Жумакадырдын өзү менен байланышканда ал "WhatsApp" топтордун бири аркылуу келген ошол сүрөттү бөлүшүп гана койгонун, ким жөнөткөнү эсинде жок экенин, себеби келген сүрөт-видеолорду өчүрүп саларын, УКМК чакырып, чалбаганын айтты:

- Бул мага "WhatsApp" аркылуу келген. Аны мен өзүмдүн "Facebook" баракчама “Дешти:” деп колдогон катары жарыялап койгом. Кыргыз тилине күйгөндөр колдошту. Мага эч ким чалган жок. Мен “башка тилде сүйлөбөгүлө, билбегиле” деген жерим жок. Кыргыз жигиттеринин тилге күйгөндөгү абалын колдоп койдум. Мындай темалар жылдап-жылдап эле эл алдында айтылып келе жатпайбы.

Акындын бул посту "Facebook" баракчасында азыр да турат. 18-февралдан бери аны 3700дөй адам бөлүштү.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий макамга ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG