Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жакынкы күндөрү Сириянын Африн шаарын курчоого алууга даярдыктар көрүлүп жатканын билдирди. Сирия түндүгүндөгү күрт кошуундарына каршы “Зайтун бутагы” деген аскерий операцияны Анкара январдын соңунда баштаган.
Ошондон бери түрк бийликтери террорчулукту пропагандалаган деген шек менен 800дөй кишини кармады. Алардын 600дөйү Анкаранын аракеттерин соцтармактарда сындаганы, калгандары болсо ар кандай нааразылык акцияларында катышканы үчүн камалышты. Бул тууралуу Түркиянын Ички иштер министрлиги кабарлады.