Бишкекте 5-март - Ак калпак күнүндө бир тонна бешбармак даярдап, аны Гиннестин рекорддор китебине киргизүүгө аракет көрүлүп жатат. Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү менен чогуу уюштурууда.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, бешбармак 5-мартта борбордук Ала-Тоо аянтында даярдалат. Ага беш жылкынын эти колдонулат.
Казакстандын Астана шаарында 2015-жылы 700 килограммдан ашык бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорд китебине киргени кабарланган.
Бешбармак - кыргыздын улуттук тамак-аштарынын бири. (NT)