Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Орусия Сирияда ондогон киши жарадар болгонун ырастады


Дейр-эз-Зордогу авиасокку. Август, 2017-жыл.
Дейр-эз-Зордогу авиасокку. Август, 2017-жыл.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 20-февралда тараткан билдирүүдө "Сирияда жакында болгон кагылышууда Орусиянын жана КМШ мамлекеттеринин ондогон жарандары жарадар болгон, каза тапкандар да бар, бирок алар орусиялык аскерлер эмес" деп айтылат.

Маалыматка караганда, кагылышууга орус күчтөрү катышкан эмес. Жарадар болгон орус жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын Орусияга кайтарууга жардам берилген. Билдирүүдө алар ар кайсы медициналык мекемелерде дарыланып жатканы белгиленген.

Буга чейин чет элдик маалымат каражаттары Сириянын Дейр-эз-Зор аймагында АКШ жетектеген коалициянын объектисинин жанындагы салгылашууда "Вагнер жеке аскер компаниясынын" 200 катышуучусу өлгөнүн кабарлаган. Москва бул маалыматты четке каккан.

XS
SM
MD
LG