Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Ошто өз өмүрүнө кол салган жигит куткарылды


Ош, Сулайман-Тоо.
Ош, Сулайман-Тоо.

Ош шаарында өз өмүрүнө кол салган жигитти дарыгерлер куткарып калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, аларга бүгүн эртең менен Сулайман-Тоодо белгисиз жаран колунун кан тамырын кесип салганы тууралуу кабар келип түшкөн. Куткаруучулар жеткенге чейин медициналык тез жардам кызматынын дарыгерлери анын колун таңып, куткарып калышкан. Учурда абалы канааттандырарлык.

Укук тартибин коргоо органдары кабарлагандай, суицидге барган жаран 20 жаштагы жигит экени аныкталды. Баштапкы тергөө учурунда ал “ата-энеси жок, жашоодон тажагандан” улам ушундай жолго барганын айткан. Бул окуя боюнча учурда тергөө жүрүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG