Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өтүп бараткан жаран кармалды


Чек ара.
Чек ара.

Баткен аймагынын Каксай участогунда кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өтүп бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү кабарлады.

Ал өткөрмө пункттан эмес, уруксат берилбеген линиядан өтүүгө аракет кылган. Кармалган киши Баткен облусунун Достук айылынын 35 жаштагы тургуну А.К. экени аныкталды. Ал Тажикстандагы туугандарынан кабар алганы баратканын мойнуна алды.

Чек араны бузган кишиге айып салынды. Факт боюнча тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG