Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Баткенде жаңы футбол аянтчасы жарактан чыкты


Аянтчаны "Ош аалам" фирмасы курган.
Аянтчаны "Ош аалам" фирмасы курган.

Баткенде 2 млн. 200 миң сомго курулган футбол аянты эки жылга жетпей жарактан чыкты. Бул тууралуу Кадамжай районундагы Көтөрмө айылдык кенешинин депутаты Сапар Сарыбаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Көтөрмө айылындагы Молдо Нияз орто мектебине футбол аянтын "Ош аалам" аттуу курулуш компаниясы курган. Кийин ал фирма аянтка футболдун эмес, теннистин кездемесин төшөп койгону белгилүү болгон.

Депутат белгилегендей, курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөөчү комиссияга мектептин жамаатынан эч ким катыштырылган эмес. Айыл эли аянтчанын курулушу боюнча укук коргоо органдарына кайрылган эмес.

Ал эми "Ош аалам" фирмасынан комментарий алуу мүмкүн боло элек.

Көтөрмө айыл өкмөтү дотацияда турган айыл өкмөттөрдүн бири болуп саналат. (YI\ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG