Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Сабиров: Ысык-Көлгө турист келгенине сүйүнбөйм


Ысык-Көлдөгү эс алуучулар.
Ысык-Көлдөгү эс алуучулар.

Ысык-Көлдүн жээгине имарат курууга уруксат берүү маселеси бүгүн парламентте кызуу талкууланып жатат. Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров сунуш кылган мыйзам долбоору курулуш иштерин көлдүн жээгинен 300 метрден бери жүргүзүүнү карайт. Азыр бул ченем 100 метрди түзөт.

Депутат Сабиров өз сөзүндө бул мыйзам кабыл алынса көлдөгү экологияны сактоого кошумча шарт түзүлөрүн айтып, азыркы абал үчүн уяларын белгиледи:

- Ачыгын айтсам, туристтин келгенине деле сүйүнбөйм кээде. Кандай талкалануу болуп жатат! Бир да таштанды иштетүүчү ишкана жок. Кышында барсаң целлофан баштыктар учуп жүргөнүн көрүп жүрөгүң ооруйт. Ошонун баары көлгө түшөт. Бөтөлкөлөр чыгып жатат. "Мынча турист келип кетти" дейбиз, а шарт түзүлгөн эмес.

Айрым депутаттар чекти 300 метр деп аныктоо экология маселесин чечпей турганын айтып, каршы чыгууда. Мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG