Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Эмил Кайкиев ЕЭКтин энергетика министри болуп дайындалды


Эмил Кайкиев.
Эмил Кайкиев.

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн башчыларынын чечими менен Эмил Кайкиев Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча коллегия мүчөсү (министр) болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, жаңы министр Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандын өкүлү катары иш алып барат. Ал 20-февралдан баштап кызматка киришти.

Комиссиянын коллегиясы он адамдан турат. Ага биримдикке мүчө болгон ар бир өлкөдөн экиден өкүл кирет.

Эмил Кайкиев 2015-жылдан бери Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп келген. 20-февралда Сапар Исаков кол койгон буйрукта Кайкиевдин бошотулганы анын башка жумушка өткөндүгү менен түшүндүрүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG