Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Абактагы үч саясатчынын экөө ачкачылыгын убактылуу токтотту


Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.

Саясий ишмерлердин өтүнүчтөрүн жана дарыгерлердин кеңешин эске алуу менен абактагы саясатчылар Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров ачкачылыгын убактылуу токтотту. Бул тууралуу алардын адвокаты Марс Кыдыкбаев “Азаттыкка” билдирди.

- Дарыгерлер “ден соолугуңар өтө зыян тартты, өлүп калышыңар мүмкүн” деп ачык эле айтышыптыр, ошону эске алышты. Анан Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Каныбек Иманалиев аларга кирип, “ачкачылыкты токтоткула” деп суранышпады беле, ошолордун, саясий-коомдук ишмерлердин, эл-журттун өтүнүчтөрүн эске алып Карыбеков менен Кадыров ачкачылыгын бүгүн убактылуу токтотту. Убактылуу дегени алар Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын алардын ишин караган текшерүүсүнүн чечимин күтмөй болушту. Ошонун жыйынтыгына карап ачкачылыгын дагы улантышы мүмкүн. Азыр болсо, аз-аздан тамак жеп, суу иче башташты,-деди Кыдыкбаев.

Жактоочунун айтымында, эки саясатчы алар менен кошо кармалган Бектур Асановду да ачкачылыгын токтотууга чакырууда.

Оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Райондук жана шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга кескен. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып, УКМКнын жетекчиси Абдиль Сегизбаевдин кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тарта "кургак ачкачылык" баштаган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 20-февралда алар суу иче баштаганын билдирген.

Бектур Асанов №47 абакта, ал эми Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбеков Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG