Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Жээнбековдун Чаткалдагы шайлоо жарнактары жакында алынат


Каныш-Кыя айылы.
Каныш-Кыя айылы.

Чаткал районунун борборундагы Каныш-Кыя айылында былтыркы президенттик шайлоо учурунда илинген жарнактар алына элек. Бул тууралуу бүгүн жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" билдиришти.

"Шайлоо жыйынтыкталып, жаңы президент кызматына эбак киришсе да ошол кездеги талапкер Сооронбай Жээнбековдун жарнактары дагы эле илинип турат. Мындан сырткары, негизги көчөдөгү Жээнбековдун штабынын сыртындагы жарнактар да алына элек. Анын ордуна быйыл жарыяланган "Аймактарды өнүктүрүү" жылына карата чакырыктарды жайгаштырышса болмок" дешти айыл тургундары.

"Азаттык" бул суроого байланыштуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нарбай Бексариевге кайрылганда, ал жарнактарга көңүл бурулбай калганын, жакынкы күндөрү бул маселени чечээрин билдирди.

2017-жылдын 15-октябрында президенттик шайлоону КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков 54.22 пайыз добуш менен жеңген. (RsK)

XS
SM
MD
LG