Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Кочкор-Атада кафедеги өрттөн төрт киши жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт. Оштогу кафелердин биринен чыккан өрт.
Иллюстрациялык сүрөт. Оштогу кафелердин биринен чыккан өрт.

Кочкор-Ата шаарында кафеде чыккан өрттөн улам төрт киши жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, окуя Кочкор-Атадагы “Азия” кафесинде 21-февралга караган түнү болгон. Нан бышыруучу бөлмөдөн газ баллон жарылып, өрт чыккан. Анын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун бир тургуну жана Өзбекстандын Наманган шаарынын 23-24 жаштардагы үч тургуну жаракат алган. Алар ошол кафеде жалданып иштегендер болгон.

Өрттүн себептери иликтенүүдө. Ноокен райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Жабыркаган жарандардын үчөө Кочкор-Ата шаардык ооруканасында, бирөө Ош облустук ооруканасында дарыланып атат. Дарыгерлер билдиргендей, алардын экөө оор абалда, калган экөөнүн абалы орто. (ErN)

XS
SM
MD
LG