Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Сирия: Чыгыш Гутада өлгөндөрдүн саны 250гө жетти


Чыгыш Гутадагы бомбалоодо жаракат алгандар. 20-февраль, 2018-жыл.
Чыгыш Гутадагы бомбалоодо жаракат алгандар. 20-февраль, 2018-жыл.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, өкмөттүк күчтөрдүн бул аймакты 18-февралдан баштап бомбалоосунан кеминде 250 жайкын тургун мерт болду, 1200дөй киши жаракат алды. Өлгөндөрдүн 58си - балдар.

БУУ, АКШ, Европа өлкөлөрү, адам укугун коргоочу топтор Сирия жана Орусия учактарынын, тик учактарынын бомбалоосунан жайкын тургундардын массалык түрдө өлүшүн айыптап жатышат. Куткаруучулар, байкоочулар, БУУнун өкүлдөрү бомбалоодо ооруканалар, көп кабаттуу үйлөр, базарлар бутага алынып жатканын айтышууда.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Нойерт Чыгыш Гутада 2016-жылы Алепподо болгон кандуу окуялар кайталанып жатканын, бул аймактагы өтө аянычтуу гуманитардык кырдаал үчүн Орусия да жоопкер экенин эске салып, Башар Асаддын режимин колдоону токтотууга чакырды.

Бул арада Орусия Чыгыш Гутанын бомбаланышын актап чыкты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, “азыркы макулдашуулар сакталган шартта терроризмге каршы күрөштү эч нерсе менен чектөөгө болбойт”. Ал ошондой эле Чыгыш Гутадагы кырдаал үчүн “ал-Нусра” фронтунун согушкелерин айыптап, алар “куралдуу провокацияга” барганын белгиледи.

Чыгыш Гута - Сирия борбору Дамаска жакын жайгашкан жана козголоңчулардын колундагы район. 2013-жылдан бери өкмөттүн камалоосунда турган бул аймакта, БУУнун эсебинде, 400 миңдей киши жашайт.

XS
SM
MD
LG