Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:07

АКШ: санкциялардын орус экспортуна тийгизген зыяны 3 млрд. доллар болду


Хизер Нойерт.
Хизер Нойерт.

Кошмо Штаттар Орусиянын үч миллиард долларлык экспорттук соодасын токтото алганын Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерт 20-февралда билдирди.

Анын айтымында, соода келишимдеринин токтотулушу Орусияны иш жүзүндө жазалоо болуп эсептелет жана Вашингтондогулар муну АКШдагы шайлоого кийлигишкени жана Сириядагы аракеттери үчүн “Орусияны жоопко тартуудагы” ийгилик катары санашат.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү кээ бир өлкөлөр Орусиядан бир катар товарларды жана материалдарды сатып албай койгонуна Вашингтон канааттанганын да кошумчалады.

Өткөн аптада кээ бир орусиялык жарандарга каршы жаңы санкцияларды киргизүү маселеси каралып жатканын мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон, финансы министри Стивен Мнучин да билдирген.

Кошмо Штаттарда “Кремл баяндамасы” деген документ өткөн айда жарыяланган. Анда президент Путиндин эң жакын чөйрөсүндөгү саясий кызматта турган 114 адамдын жана 96 "олигархтын" аттары аталган.

Ал тизме Орусия АКШнын 2016-жылкы президенттик шайлоосуна кийлигишүүсүнө жооп чара катары ага басымды күчөтүү максатында Конгресс былтыр кабыл алган мыйзамга ылайык түзүлгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG