Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:01

Палестин лидери эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүгө чакырды


Махмуд Аббас БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жаткан учур. 20-февраль, 2018-жыл.
Махмуд Аббас БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жаткан учур. 20-февраль, 2018-жыл.

Махмуд Аббас БУУнун Коопсуздук кеңешинде 20-февралда сүйлөгөн учурунда ушундай сунуш киргизди. Анын айтымында, эл аралык тынчтык конференциясы 2018-жылдын орто ченинде өтүшү керек.

- Кошмо Штаттар Иерусалим боюнча чечиминен улам эл аралык мыйзамдарды бузуп, өзүнө өзү каршы чыгышты. Андыктан азыр жалгыз мамлекет башка эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусуз аймактык же эл аралык жаңжалды чече албайт. Ошондон улам биз Палестина маселесин чечиш үчүн эл аралык мыйзамга ылайык эл аралык конференция аркылуу көп тараптуу эл аралык механизм түзүү зарыл деп эсептейбиз.

Махмуд Аббас ошондой эле өз сөзүндө Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбору деп атады, өз өлкөсү Улуттар Уюмунун толук жарамдуу мүчөсү болууга умтулаарын да кошумчалады.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли болсо өз өлкөсүнүн Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныган чечими өзгөрбөй турганын, бирок Вашингтон жөөт-палестин чатагын жөнгө салыш үчүн Палестинанын жетекчилиги менен иштешүүгө даяр экенин айтып өттү.

Израилдин БУУдагы элчиси Дэнни Данон Махмуд Аббастын жөөт-палестин чатагы боюнча Коопсуздук кеңешиндеги билдирүүлөрүнө жооп кайтарып, ал эл аралык форумдарда башка, өз элине барганда арабча башка сөздөрдү айтарына токтолду.

АКШнын президенти Доналд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныган чечимин былтыр 6-декабрда жарыялаган.

Бирок андан бери вашингтондук расмий өкүлдөр бул чечим “АКШнын Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяндан чегиниши же Израил- Палестина ортосундагы талаш чек ара боюнча кандайдыр бир көз карашты карманышы эмес” деп байма-бай айтып келишет.

БУУнун Башкы ассамблеясы басымдуу көпчүлүк добуш менен АКШнын чечимин четке какса, мусулман мамлекеттеринин башын бириктирген Ислам кызматташтык уюму өзүнүн чукул саммитинде дүйнө өлкөлөрүн Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбору катары таанууга чакырган.(UE)

XS
SM
MD
LG