Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 20:12

Бүгүн Нарындын Ат-Башы районунда жүздөй окуучу токсикоманияга каршы эки чакырымдай жөө жүрүш уюштурду. Бул иш-чараны өткөрүүгө акыркы убакта өспүрүмдөр арасында желим жыттоо, психотроптук заттарды колдонуу күч алып жатканы себеп болгону айтылды.

“Биз токсикоманияга каршыбыз” деген чакырык менен өткөн акцияны “Ат-Башы ынтымагы транс” коомдук уюму уюштурду. Анын жетекчиси Ринат Кусеинов:

- Алыс жакта жумалап жумушта жүргөндө балдарыбыз көзөмөлсүз калгандыктан желим жыттап же насвай, тамеки тартып жаткандыктан ушундай иш-чараны уюштурууга аргасыз болдук, - дейт.

Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Дүйшөнкул Дөөткулов "жаштарда ушундай адат көбөйүүдө" деп эл ичинде айтылганы менен расмий түрдө бир да факт катталбаганын билдирди.

Былтыр "Кыргыз Республикасындагы Чыгыш-Батыш СПИД фонду" өлкө боюнча 57 мектепте окуучулар арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында өлкөдөгү 15-16 жаштагы окуучулардын басымдуу бөлүгү кара куурай тобундагы баңгизаттарды жана башка психотроптук каражаттарды колдоно турганы аныкталган. Окуучулар арасында мындай иликтөө өлкөдө биринчи жолу жүргүзүлгөндүктөн адистер тыюу салынган баңгизат колдонгон өспүрүмдөр көбөйгөнүн же азайганын билүү кыйынга турарын белгилеп келишет. (MiK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG