Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:00

Порошенко Орусияны “агрессор өлкө” деп атады


Президент Петро Порошенко видео байланыш аркылуу көрсөтмө берүүдө. Киев, 21-февраль, 2018-жыл.

Украинанын президенти бул тууралуу 21-февралда мурдагы президент Виктор Януковичтин сотунда көрсөтмө берген учурунда айтты.

Орусияны “агрессор өлкө” деп атаган Порошенко расмий Москвада Украинага каршы “гибриддик согуштун” “мыкты координацияланган планы” болгонун, Крымдын аннексиясы ушул согуштун бөлүгү экенине токтолду.

Порошенко мурдагы президент Виктор Януковичтин Киевдеги сотунда видео-байланыш аркылуу көрсөтмө берип жатып, “учурдагы сот жараяны өтө чоң мааниге ээ, бул Украина үчүн эле эмес. Менин күбө катары сотко катышуу чечимимдин эң башкы жүйөлөрүнүн бири ушул болду", - деп белгиледи.

Украина тарыхында кызматтагы президенттин сотто биринчи ирет көрсөтмө берүү чечимин Порошенко "2014-жылдын февралындагы кандуу окуялар үчүн жоопкерлердин жазага тартылуусуна жетишүү" деп түшүндүргөн.

Украинада Евромайдан деп аталган нааразылык акциялары 2013-жылы ал кездеги президент Виктор Янукович Евробиримдик ассоциация келишимине кол коюуну токтоткондон кийин башталган.

Кийин Киевдин Көз карандысыздык аянтында демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынан тергөөчүлөрдүн эсебинде, 104 киши өлүп, 2500дөйү жараат алган.

Янукович бийликтен 2014-жылдын 21-февралында чегинип, Орусиядан башпаанек тапкан. Ал коопсуздук күчтөрүнө демонстранттарга ок атууга буйрук берген деген айыптарды четке кагып, Киевдеги кыянатчылыктар анын өкмөтүн бийликтен кулатуу үчүн “пландалган операция” болгонун айтып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG