Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

АКШда баптисттердин атактуу диниятчысы көз жумду


Билли Грэм. 2005-жылы тартылган сүрөт.
Билли Грэм. 2005-жылы тартылган сүрөт.

Америкалык христиан евангелисттердин таанымал диниятчысы, кезинде диний насааттарын 185 өлкөдө окуган Билли Грэм 99 жашында, өзүнүн Түндүк Каролина штатындагы үйүндө көз жумду.

1983-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган Билли Грэмге өлкөнүн эң жогорку жарандык сыйлыгы – Эркиндик медалын ыйгарган.

Ал АКШнын бир нече президенти, анын ичинде Дуайт Эйзенхауэр, Ричард Никсон менен жакшы мамиледе болгон.

Баптисттердин мурдагы пасторунун диний насааттарын дүйнө боюнча 215 миллион адам өз оозунан укканы эсептелген. Ал насааттар теле аркылуу да миллиондогон адамга жеткени айтылып жүрөт.

Грэм 1982, 1984, 1988-жылдары мурдагы СССРдин шаарларын кыдырып, 1992-жылы Орусияга келип кеткен.

Президент Дональд Трамп "Твиттердеги" баракчасында Грэмди “эч кимге окшобогон өзгөчө адам” деп сыпаттады. (UE)

XS
SM
MD
LG