Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Германия Орусия менен Иранды Асадга басым жасоого чакырды


Чыгыш Гута району бомбалангандан кийинки көрүнүштөрдүн бири. 21-февраль, 2018-жыл.
Чыгыш Гута району бомбалангандан кийинки көрүнүштөрдүн бири. 21-февраль, 2018-жыл.

Немис бийлиги Орусия менен Иранды Сирия өкмөтүнө баш калаа Дамасктын чет-жакасында козголоңчулардын колунда турган райондогу “кыргынды” токтотуi үчүн кысым көргөзүүгө үндөдү.

“Гутанын чыгышында ок атышуу токтой турганына Астанада убада берген Орусия менен Иран кайда?” - деп суроо салды канцлер Ангела Меркелдин басма сөз катчысы Стеффен Сейберт 21-февралда.

Немис өкмөтүнүн өкүлү ошондой эле “Сирия режими бул эки өнөктөшүнүн колдоосуна ээ болбосо бүгүнкүдөй абалда болмок эмес” деп белгиледи.

Ал эми БУУнун Сирия кризиси боюнча аймактык координатору Паноса Мумциса 21-февралда Иорданиядан “Ассошиэйтед пресстин” кабарчысына төмөнкүлөрдү айтты:

- Баррел бомбаларын (курамында түрдүү жарылуучу зат бар) таштоо уланып жатат. Гута Дамасктагы ооруканалардан жарым сааттык жолдо, он алты чакырымдай аралыкта жайгашкан. Жардамга муктаж аялдар, балдар, кары адамдар эч жакка чыга албай жертөлөлөрдө камалып, коркуп жатканын элестеткенде жүрөк сыгылат.

Ага чейин "Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" өкмөттүк күчтөрдүн бул аймакты 18-февралдын кечинен тартып бомбалоосунан кеминде 250 жайкын тургун мерт болуп, 1200дөй киши жараат алганын, өлгөндөрдүн 58и балдар экенин кабарлаган.

Куткаруучулар, байкоочулар, БУУнун өкүлдөрү бомбалоодо ооруканалар, көп кабаттуу үйлөр, базарлар бутага алынып жатканын айтышууда.

БУУ, Кошмо Штаттар, Европа өлкөлөрү, адам укуктарын коргоочу топтор Сириянын жана Орусиянын тик учактарынын бомбалоосунан жайкын тургундар кырылып жатканын айыптап жатышат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Нойерт Чыгыш Гутадагы кырдаал үчүн Башар Асаддын режими менен кошо аны колдогон Орусия да жооптуу экенин эскертти.

Москва болсо Чыгыш Гутанын бомбаланышын актап чыкты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, “учурдагы макулдашуулар сакталган шартта терроризмге каршы күрөштү эч нерсе менен чектөөгө болбойт”.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков жайкын тургундардын өлүмү үчүн Орусия да күнөлүү деген дооматтарды “негизсиз” деп четке какты.

Чыгыш Гута - Сириянын борбору Дамаскка жакын жайгашкан жана козголоңчулардын колунда турган район.

2013-жылдан бери өкмөттүн камалоосунда турган бул аймакта БУУнун эсебинде 400 миңдей киши жашайт. (UE)

XS
SM
MD
LG