Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:29

Коррупция индексинде Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 135-орунду ээледи


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 2017-жылдагы “Коррупцияны кабылдоо индексинде" 180 өлкөнүн ичинен 135-орунду ээледи. Мындай маалымат “Трансперенси Интернешнл” уюмунун коррупция тууралуу жаңы баяндамасында айтылат.

21-февралда жарыяланган баяндамада мурдагы жылдарга караганда Кыргызстандын көрсөткүчү бир баскычка жогорулап, Орусия, Парагвай, Жаңы Гвинея, Мексика, Лаос, Гондурас жана Доминика Республикасы менен бирдей катарга чыкты.

Баяндамада Кыргызстанда чоң улуттук долбоорлор дагы эле ачык-айкын жүзөгө ашырылбай жатканы жазылган. Былтыр ушундай эле иликтөөлөрдө өлкө 136-орунда туруп, жемкорлук өрчүгөн өлкөлөрдүн катарына кошулган. Ал кезде Кыргызстанда сот тутумунда, укук коргоо органдарында жана саламаттыкты сактоо тармагында коррупция көп бойдон калып жатканы белгиленген. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG