Орусия Дамаскка жакын жайгашкан Чыгыш Гутадагы абалды талкуулаш үчүн бейшембиде БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылды.
Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя "бүгүн биз уккан кабатыр ойлорду эске алып кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкууга алыш керек" деп билдирди.
"Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" өкмөттүк күчтөрдүн бул аймакты 18-февралдын кечинен тартып бомбалоосунан кеминде 250 жайкын тургун мерт болуп, 1200дөй киши жараат алганын, өлгөндөрдүн 58и балдар экенин кабарлаган.
Куткаруучулар, байкоочулар, БУУнун өкүлдөрү бомбалоодо ооруканалар, көп кабаттуу үйлөр, базарлар бутага алынып жатканын айтышууда.
Чыгыш Гута - Сирия борбору Дамаскка жакын жайгашкан жана козголоңчулардын колунда турган район.
БУУнун эсебинде 2013-жылдан бери өкмөттүн курчоосунда турган бул аймакта 400 миңдей киши жашайт.