Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:02

Атамбаев журналисттин үйүн саттыруу өтүнүчүнөн баш тартты


Журналист Нарын Айып.
Журналист Нарын Айып.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков журналист Нарын Айыптын Бишкек шаарындагы батирин сатыкка чыгарып, ошонун эсебинен айыппул өндүрүү тууралуу арызын чакыртып алды. Анын бул арызын Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бүгүн канааттандырды.

Нурбек Сыдыков бүгүн соттон кийин журналисттерге комментарий берип, бул чечимин мындайча түшүндүрдү:

- Сот аткаруучулар “Нарын Айып мүлктүн үчтөн бир бөлүгүнө ээлик кылат экен, ошол бөлүк аркылуу дооңуздарды соттон канааттандырып алыңыздар” деп ишти бизге кайтарып берген. Биз ошонун негизинде сотко кайрылууга мажбур болгонбуз. Тилекке каршы, буга чейинки соттордо Нарын Айып ал батирде апасы, карындашы менен чогуу жашай турганын жана андан башка мүлкү жок экенин далилдей алган эмес. Ал боюнча документтерди биздин өтүнүчүбүз менен бүгүнкү процессте гана алып келип берди. Ошону үчүн биз “батирди сатып, дообузду өндүрүү тууралуу” өзүбүздүн арызды кароосуз калтырууну соттон өтүндүк. Сот муну туура көрүп, биздин өтүнүчтү кабыл алды.

Нурбек Сыдыков ошондой эле Нарын Айыпка буга чейин коюлган 9 млн. сомдук доону ал баары бир төлөшү керек экенин, ал боюнча арыз чакыртылып албаганын билдирди. Сыдыков буга улай экс-президент бул акчаны каякка жумшаарын билбей турганын жана мынчалык ири суммадагы доолорду сөз эркиндигине басым деп эсептебесин кошумчалады.

Ал эми журналист Нарын Айып бүгүн соттон кийин 9 млн. сом доону төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып, аны кайсы мөөнөткө чейин берерин билбесин айтты.

Былтыр башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион, журналист Нарын Айып 9 миллион, сайт ээси Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ушундай эле айыптоо менен укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Кийин бул доолорду өндүрүп алыш үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү 14-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылып, Чолпон Жакупова ээлик кылган Ысык-Көлдөгү эс алуу үйүн жана Нарын Айып жашаган батирди сатыкка коюуну талап кылган. Доого жыгылгандар акчаны бөлүп төлөө тууралуу өтүнүч келтиришкен.

“Азаттыкка” комментарий берген учурда Чолпон Жакупова “Атамбаев Арашандагы үч кабат үйүнө батпай, менин үйүмдү тартып алып жатат” десе, Нарын Айып “өзү жашаган үйдүн үчтөн бирине гана ээ, бир бөлүгү апасына таандык экенин” билдирген. Нарын Айыптын 90 жашка таяп калган апасы Райла Идинова өзү да 20-февралда "Govori.tv" порталы аркылуу видео кайрылуу таратып, “үйүн тартып алса, көчөдө каларын” айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG