Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 21:02

Бишкек-Ош автожолунда күйүүчү май ташыган автоунаа оодарылып, жол кырсыгынан 12 жаштагы өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Анда айтылгандай, окуя кечээ кечинде сөз болуп жаткан кара жолдун 68-чакырымында, Чүй облусунун Жайыл районунда болгон. Мазут ташыган MAN үлгүсүндөгү машина жолдон чыгып, чиркегичи оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен автоунаа жолду туура эмес жерден чуркап өткөн баланы сүзүп кеткен.

12 жаштагы өспүрүм Кара-Балта шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Окуя болгон жерде 15 тонна мазут төгүлгөнү аныкталды. Кырсыктын себептерин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын аймактык бөлүмү иликтеп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG