Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Молдо Нияз балдарды окуткан тарыхый үңкүр кароосуз калды


Молдо Нияз балдарды үжүрө шартында окуткан үңкүр.
Молдо Нияз балдарды үжүрө шартында окуткан үңкүр.

Баткендин Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында бир кездери Молдо Нияз балдарды үжүрө шартында окуткан үңкүр кароосуз калып, ичин чөп басып кетти. Айылдын четинде жайгашкан бул тарыхый жайга кирүүчү жол да жеке менчикке өтүп, тосулуп калган. Буга “Азаттыктын” кабарчылары өздөрү күбө болушту.

Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, ойчул, жазма акын Молдо Нияз өз учурунда ошол үңкүрдү мектеп катары колдонуп, жергиликтүү балдардын сабатын ачкан.

Молдо Нияз музейинин башчысы Гүллола Нажиева үңкүрдүн алдындагы очогу да бузулуп калганын, жергиликтүү бийлик ага көңүл бурбай жатканын айтты.

Ал эми Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторовдун айтымында, үңкүр жайгашкан жер муниципалдык баланска өткөн эмес, аны каржылоого айыл өкмөтүнүн бюджети жетишпейт.

Молдо Нияз 1823-жылы Кызыл-Булак айылында туулган. Ал өмүр, адеп-ахлак темаларын санат ырлары менен жазган. Кокон хандыгынын карамагында жашаган кыргыздардын тарыхын кагазга түшүргөн. Жарык көргөн жети китебинин үчөө учурда Кызыл-Булактагы музейинде сакталып турат. Акын 1896-жылы көз жумган. (MdN)

Молдо Нияздын мектеби кейиштүү абалда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

XS
SM
MD
LG