Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Бектур Асанов да ачкачылыгын токтотту


Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.

Абакта ачкачылык жарыялаган саясатчылардын үчүнчүсү - Бектур Асанов да бул акциясын токтотту. Бул тууралуу Асановдун жубайы Алтын Эркебаева “Азаттыкка” билдирди:

- Жакындары, туугандары, саясатчылар баары суранып жатып, анан дарыгерлер катуу айткандарын угуп Бектур ачкачылыгын бүгүн токтотту. Дарыгерлер “уланта берсең боор менен бөйрөк иштебей калышы мүмкүн, эстен танып каласың” дешти. Бирок акыбалы өтө оор, кан басымы көтөрүлүп-түшүп, башы да айланып жатат. Бүгүн кичине басып калыптыр. Тамак деле иче албай жатат, аябай кыйналып, бүгүн болгону суу менен айран ичти.

Алтын Эркебаева “Азаттыкка” Бектур Асановдун колу коюлган билдирүүнү алып келди. Анда Асанов “саясий күрөштү башкача формада улантыш үчүн ачкачылыкты токтотконун” жазган. “Абдил Сегизбаев жана ал жетектеген топтун саясаттан кетиши убакыттын гана иши болуп калды” деп жазылган Асановдун катында.

Асанов менен чогуу ачкачылык кармаган саясатчылар Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров кечээ 21-февралда саясий ишмерлердин өтүнүчтөрүн жана дарыгерлердин кеңешин эске алуу ачкачылыгын убактылуу токтотконун жарыялашкан.

Оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Райондук жана шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга кескен. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып, кылмыш ишин козгогон УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тартып "кургак ачкачылык" баштаган.

Бектур Асанов №47 абакта, ал эми Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбеков Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

УКМК өз дарегине айтылган дооматтарга жооп бере элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG