Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Акысыз берилген 15 "Тез жардам" унаасы кабыл алынбай турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекке ташылып келген "Тез жардам" унаалары боюнча эл аралык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Саматбек Тойматов билдирди.

Германиянын Өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен достукту чыңдоо программасынын алкагында 15 "Тез жардам" унаасын акысыз берүүнү чечкен. Тендер жарыяланып, Нидерланд өлкөсүнүн Dutch Health компаниясы 2017-жылдын жай айларында машинелерди Кыргызстанга алып келмек.

Ар түрдүү себептерден улам машинелер кечигип, декабрь айында гана Бишкекке келди. Бирок алардын бардыгында кемчиликтер болгону үчүн азыр колдонулбай турат.

Тойматовдун айтымында, бир катар техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам министрлик ал машинелерди кабыл албай жатат. Германиядан адистер келип, атайын комиссия иликтегенден кийин аларды оңдоо иштери колго алынат.

Кыргызстанда 200дөн ашуун "Тез жардам" унаасы бар. Элди толук тейлеш үчүн дагы 300 унаа жетишсиз. (BCh)

XS
SM
MD
LG