Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:15

Саакашвилиге 3 жыл Украинага кирүүгө тыюу салынды


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Украинанын Чек ара кызматы саясатчы Михаил Саакашвилиге өлкө аймагына 2021-жылдын 13-февралына чейин кирүүгө тыюу салды. Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы “Жаңы күчтөр кыймылынын” лидери 21-февралда "Фейсбуктагы" барагына аны ырастаган документтин сүрөтүн жарыялады.

"Мен болсом-болбосом деле бул бийликтин кеткети келди. Мен болсо үйүмө, Украинага жакында барам. Ал үч жылдан кыйла эрте барам", деп жазды Саакашвили сүрөттүн этегине.

50 жаштагы Саакашвили өткөн аптада Киевдеги ресторандан кармалып, учакка күчтөп салынып, Польшага депортацияланган. Ал азыр Голландияда экени маалым.

Анын кыймылы украин президенти Петр Порошенкону коррупцияга байланыштуу айыптап, кызматтан кетүүнү талап кылып келет. Миңдеген адамдар катышкан митингдер өткөн жылдын октябрынан бери маал-маал өтүп келатат.

XS
SM
MD
LG