Чүйдүн Кемин районунун Тар-Суу айылында сүлөөсүндүн баласы табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын өкүлдөрү билдиришти.
Маалыматка караганда, сүлөөсүндүн баласын Кемин суусунун боюнан таап алганын инспекцияга жергиликтүү тургундар кабарлаган. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору барып көрүшкөн учурда жандыктын баласы болжол менен 10 айлык экендигин жана оң көзү жабыркаганын аныкташкан. Адистердин айтымында жаныбар буга чейин айыл тургундары тарабынан колго багылып жүрүшү мүмкүн.
Тиешелүү документтер толтурулуп, сүлөөсүн Каракол шаарындагы зоопаркты иштеткен “Бугу эне” коомдук фондуна өткөрүлүп берилди.
Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынан Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга, үй шартында кармоого, багууга тыюу салынарын эскертет. Мекеме мамлекеттин коргоосундагы жаныбарларга кыянаттык кылгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экенин билдирет.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги буга чейин Кызыл китепке кирген жаныбарлардан өлкөдөгү болжолдуу санын жарыялап, Кыргызстан 1 миң 34 сүлөөсүн калганын билдирген. (ErN)