Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Мас болуп ишке чыккан жетекчиге чара көрүлмөй болду


Коруктун кеңсеси.
Коруктун кеңсеси.

Чаткал районунда жайгашкан Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун директорунун милдетин аткаруучу Мирлан Асанов жумуш учурунда коруктун башкы кеңсесинде спирттик ичимдик ичип, мас болуп жүргөндүгү үчүн жазага тартылат. Бул тууралуу коруктун директору Райкан Аманкулов “Азаттыкка” билдирди.

21-февралда коруктун башкы кеңсесине жергиликтүү тургундар менен журналисттер барган учурда директордун орун басары жана убактылуу жетекчилик кызматты аткарып жаткан Мирлан Асанов иш бөлмөсүндө мас абалда отурганына күбө болушкан. Ал эч ким менен сүйлөшө алган эмес.

Директор Райкан Аманкулов өзү учурда ден соолугуна байланыштуу кыскача эмгек өргүүсүндө жүргөнүн айтууда.

Беш-Арал мамлекеттик коругу - башка жерлерде кездешпөөчү өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн мамлекет коргоого алган аймак. Анда 50гө чукул кызматкер эмгектенет. (RsK)

XS
SM
MD
LG