Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Исаков: Кыргызстан экономикалык өсүш боюнча ЕАЭБде алдыга чыкты


Сапар Исаков
Сапар Исаков

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын экономикалык өсүү ыргагы экономиканын дээрлик бардык тармактарында сакталып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу өкмөттөгү өткөн жылкы экономикалык жагдайларды талкуулаган жыйында айтты:

- 2017-жылкы экономикалык өсүш күтүлгөндөн жогору болду. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстандын экономикалык өсүүсү боюнча алгачкы позицияларды ээлегенин белгилеп кетким келет. Өсүү темпи экономиканын дээрлик бардык тармактарында сакталууда,- деди Сапар Исаков.

Өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү тараткан билдирүүдө кайсы тармактарда өсүш болгону ачык айтылган эмес.

Билдирүүдө Сапар Исаков 2017-жылдын жакшы жыйынтыктарына карабастан, алдыда калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жаңы өндүрүштү жана жумушчу орундарын түзүү маселелери приоритет экенин айтканы кабарланат. Исаков ошондой эле 2018-жылы инвестициялык климатты жакшыртуу жана Евразия экономикалык биримдигинде интеграцияны тереңдетүү боюнча иштер жасалышы керектигин белгилейт.

Өкмөт башчы “Жаңы доорго - кырк кадам 2018-2023” программасын эффективдүү ишке ашыруу менен ачык жана таза мамлекетти куруу өкмөттүн негизги максаттары экенин да билдирет.

Премьер-министр белгилегендей, өкмөт өнөр жайды, агроөнөржай комплексин, кооперацияны жана турукту туризмди өнүктүрүү боюнча чараларга басым жасайт. Исаков бекиткен болжолго ылайык, 2018-жылы экономикалык өсүү 3,6% түзүшү керек. (ErN)

XS
SM
MD
LG