Кыргызстандын Кочкор-Ата шаарында кафеде чыккан өрттөн жабыркаган намангандык тургундарды Өзбекстандын бийликтери алып кетти. Бул тууралуу Өзбекстандын күч кызматтары “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришти.
Өлкөнүн Ички иштер, Саламаттыктык сактоо министрликтери кабарлагандай, күйүк жараатын алган үч жаран Өзбекстандын медициналык тез жардам кызматынын Анжиян жана Наманган филиалдарына жаткырылып, дарыланууда. Ал жерде жабыркагандардын жакындарына жана туугандарына кабар берилди.
21-февралга караган түнү Кочкор-Ата шаарындагы “Азия” кафесинде нан бышыруучу бөлмөдөн газ баллон жарылып, өрт чыккан. Анын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун бир тургуну жана Өзбекстандын Наманган шаарынын 23-24 жаштардагы үч тургуну жараат алган. Алар ошол кафеде жалданып иштегендер болгон.
Өрттүн себептери иликтенүүдө. Ноокен райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.
Дарыгерлер жабыркагандардын экөө оор абалда, калган экөөнүн абалы орто экенин билдиришкен. Кыргызстандын жараны Ош облустук ооруканасында дарыланууда. (ErN)