АКШ Сириянын Чыгыш Гута аймагындагы бомба чабуулдары үчүн Орусияны сындап, 400дөн ашык адамдын өлүмүндө Москванын "кайталангыс жоопкерчилиги" бар экенин билдирди.
Мамлекеттик департамент Орусияны Сирия өкмөтүнө көрсөтө алчу таасирин колдонуп, киши өлтүрүүлөрдү токтотууга чакырды.
"Алар өлүмдү, киши өлтүрүүлөрдү, кыйроолорду токтотуу үчүн эмне кылып жатышат? Орусия Сирияны колдобосо, кыйроолор менен өлүмдөр болмок эмес", - деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Хизер Нойерт.
Америкалык дипломаттар Гутадагы кармашты 30 күнгө токтото турууну сунуштап жатышат. Мындай резолюцияга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бүгүн добуш берет деп күтүлүүдө.
Дамасктын четиндеги Чыгыш Гута аймагында көтөрүлүшчүлөр өкмөттүк күчтөрдүн курчоосунда турат. Буга чейин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш аймактагы эл "тирүүлөй тозокто" жашап жатканын айтып, бардык аскердик аракеттерди тез арада токтотууга үндөгөн.