Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Москва: террорчулукка шектелген алты тажик жараны абакка кесилди


Сирия менен Ирактагы тажикстандык жоочулар
Сирия менен Ирактагы тажикстандык жоочулар

Москванын регионалдык аскердик соту Тажикстандын алты жаранын 12 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратты. 22-февралда чыккан соттун чечимине ылайык, аларга "террордук чабуул уюштурууну көздөшкөн", "жардыруучу заттарды мыйзамсыз сакташкан" жана "террордук уюмдардын катарына кошулууга аракеттенишкен" деген айыптар тагылды.

Тергөөчүлөр билдиргендей, айыпталуучулар Москванын четиндеги Люберцы районундагы маршруткалардын бирине жардыруучу зат орнотууну боолгоп жатышкан. Ошондой эле алар “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна кошулууга ыктап жүрүшкөнү маалым болду. Төртөө аларга тагылган күнөөнү мойнуна алышты.

Чалгын маалыматтарына караганда, 2016-жылдын июль айына чейин 1600дөй тажик “жихадчылар” “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушуп жүрсө, алардын ичинен 147и мекенине кайтып келген.

XS
SM
MD
LG