Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:20

АКШ Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизди


АКШ президенти Дональд Трамп
АКШ президенти Дональд Трамп

Түндүк Кореяга жаңы санкциялар киргизилгенин АКШнын Каржы министрлиги 23-февралда жарыялады. Бул жолку жазалоочу чаралар Түндүк Кореяга санкциялардан качууга жардам берди деп шектелген бир адамды, 27 компанияны жана 28 кемени бутага алат.

Президент Дональд Трамп муну Пхеньянга каршы санкциялардын "болуп көрбөгөндөй ири топтому" деп атады.

Пхеньяндын талаштуу өзөктүк жана ракета программасын сынга алган Вашингтон Түндүк Кореяга каршы буга чейин нече жолу санкцияларды жарыялаган.

Соңку чаралар Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосунда дипломатиялык алака жанданган учурга туура келди. Пхёнчхаңдагы кышкы олимпиаданын ачылышына Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон да келип, эки тарап жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөргөн болчу.

XS
SM
MD
LG