Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Олимпиада: немис жана орус хоккейчилери финалда беттешет


Германия менен Канаданын жарым финалдагы беттеши.
Германия менен Канаданын жарым финалдагы беттеши.

Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиадада орусиялык хоккейчилер финалда немис хоккейчилери менен беттеше турган болду.

23-февралдагы экинчи жарым финалда Германия Канаданы 4-3 эсебинде жеңип чыкты. Андан мурда орусиялык хоккейчилер чехиялыктарды 3-0 менен утуп алган.

Алтын медал үчүн таймаш 25-февралда өтөт. Канада менен Чехия болсо коло медал үчүн күч сынашмакчы.

Орусиянын курама командасы допинг жаңжалынан улам олимпиададан четтетилген. Кызытма колдонбогонун далилдеген спортчулары "Орусиялык олимпиада атлеттери" деген ат менен, бейтарап желектин алдында оюндарга катышып жатышат.

XS
SM
MD
LG