23-февраль түнү саат 10го жакын Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан “Причал” конок үйүндө өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматында өрт имараттын чатырынан башталган. Учурда тилсиз жоонун чыгымы жана себептери аныкталып жатат. Өрттөн жабыркагандар жок.