Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында Таш-Көмүр жана Кара-Балта шаарында мэрди шайлоо 7-мартка белгиленди.
БШКнын “шаар мэрин шайлоо” жобосуна ылайык калаа башчысын шаардык кеңештин депутаттары атайын сессияда жашыруун шайлоо аркылуу тандашат. Шайланган мэр шаардык кеңештин мөөнөтү аяктаганга чейин отурат.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мэрликке талапкерди шаардык кеңештеги фракциялар жана өкмөт башчы көрсөтө алат. Ошондой эле шаар башчынын жогорку билими жана мамлекеттик кызматтагы эмгек тажрыйбасы үч жылга жетиши керек.