Жалпы өлкө боюнча 483 айыл өкмөттүн 382си борбордук казынага көз каранды. Бул маалымат 22-февралда аймактарды өнүктүрүүгө багыталган өкмөттүн жыйынында айтылган. Акыркы төрт-беш жыл ичинде дотацияда отурган айыл өкмөттөрдүн саны кыскарган эмес.
Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрүнө жана Экономика министрлигине 2018-2023-жылдарга аймактардын өнүгүүсү боюнча программа иштеп чыгуусун тапшырды.
2017-жылдын аягында ишке киришкен президент Сооранбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү" жылы деп белгилеген.