Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:00

Өзбекстанда Нооруз күнү беш тонна сүмөлөк жасалат


Сүмөлөк кайнатуу. 21-март, 2017-жыл
Сүмөлөк кайнатуу. 21-март, 2017-жыл

Өзбекстандын Наманган шаарында Нооруз майрамына карата беш тонна сүмөлөк кайнатууну пландап жатышат.

Ага эки тонна ун, бир тонна май, 450 килограмм жүгөрү уну, 50 килограмм нават керектелет. Бул иш-чараны Намаган шаардык акимияты уюштуруп, сүмөлөктү 25 аял даярдайт.

Сүмөлөктү шаар тургундары ооз тийгенден кийин балдар жана карылар үйүнө алып барышат.

Нооруз - чыгыш элдеринде жаз майрамы, жаңы жылдын башаты катары белгиленет. Майрам ЮНЕСКОнун маданий баалуулук тизмесине кирген. Ал эми сүмөлөк Ноорузда жасала турган тамак.

XS
SM
MD
LG